• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нарында диплому жасалма делген мугалим өз жанын кыйды

11 Жалган куран 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунун Ак-Чий айылынын тургуну 1968-жылы туулган Г. Ч. аттуу аял өз жанын кыйды. Маалыматты Govori TVга облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 9-март күнү болгон. Маркумдун сарайга кирип асынып алганын жолдошу К.К. Кочкор райондук милициясына кабарлаган. Жерине барган ыкчам топ маркумдун денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуунун белгилери табылган эмес.

Каза тапкан аял ошол айылдагы мектепте 2010-жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келгенин «Турмуш» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, райондук прокуратура мектеп мугалимдеринин дипломун текшерип, Г. Ч.ны прокуратурага чакырышкан. Кийин анын асынып каза тапканы белгилүү болгон.

Бул факты Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, учурда иликтөө жүрүп жатканы айтылды.

Количество просмотров: 214