• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Нарында «Долон» кар көчкү станциясы иштей баштады 

13 Бугу 2023 9:42 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда күн мурун “Долон” кар көчкү жана кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө станциясынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган станция реалдуу убакыт режиминде кар көчкү түшүү коркунучун изилдеп божомолдоого, көзөмөлгө алууга жана так маалымат берип, калкка кооптуулук тууралуу алдын ала эскертүү берүү менен табигый кырсыктардын алдын алууга чоң шар түзөт.

Кар көчкү станциясыларын куруу жана жаныртуу Япония Өкмөтү тарабынан каржыланган, БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасындагы тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык үчүн потенциалды чыңдоо” долбоорунун алкагында демилгеленген.

Жаңы станциянын ачылышына Япониянын элчиси, БУУӨПтүн туруктуу өкүлү, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өзгөчө кырдаалдар министри жана Кыргызгидрометтин жетекчиси катышты.

Количество просмотров: 104