Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.
Нарын шаарында эки банкоматты талкалап кетишти.
Маалыматка караганда, окуя 11-апрелден 12-апрелге караган түнү болгон. Анда бир банкомат Чаначев менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Бакай Банк» ААКтын филиалына тийиштүү болсо, экинчи банкомат Ленин жана Ж.Тынымсейитова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «KICB» банкына тийиштүү болгон.
Окуя орун алгандыгын Нарын ОИИБдин басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова тастыктап, учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.