Нарында гурмандарды, элдик кол өнөрчүлүктүн чеберлерин жана жаратылыштын кооздугун, каада-салттын байлыгын баалагандардын баарын бириктирген уникалдуу иш-чара өтөт.
«ЭтFEST» конокторго Нарындын чарбаларынын экологиялык таза этинен даярдалган түрдүү тамактар тартууланмакчы.
Фестивалда кыргыз ашканасынын көп түрдүүлүгү жана эт деликатестеринин кеңири ассортименти көрсөтүлөт.
Бул фестиваль Нарын шаарынын өзгөчөлүгү болуп калат жана Нарын туризм программасынын алкагында колдоого алынган.
Иш-чара 7-сентябрда өтөт.