• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында фура чабандын 100дөн ашык коюн тебелеп кетти

17 Аяк оона 201811:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Нарында фура чабандын 100дөн ашык коюн тебелеп кетти. Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсык 16-сентябрга караган түнү саат 2:30 чамасында Нарын-Торугарт жолунун 419-чакырымында катталган.
Анда Бишкектен Кытайга бараткан айдоочу фурасы менен Арпа жайлоосунан Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылына келе жаткан чабандын койлорун тебелеп кеткен.
Кырсык болгон жерде чабандын жалпы 97 кою өлгөн. Учурда мал ээсинин жазган арызынын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 184