• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

13 Баш оона 202010:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 12-августта саат 16:03тө катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Эпкин, Ак-Чий, Туз, Кен-Суу айылдарында 3,5 балл жана Жумгал районунун Жумгал, Кызарт айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 176