• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарында кар көчкү түшүп мал-жандыктарды басып калды

17 Үчтүн айы 202416:58 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 16-январда 17.00 чамасында Нарын облусунун Нарын районунда Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5000 м³ кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды кар көчкү басып калган. Мындан сырткары кыштоого каттоочу жолу да жабылган.

Жерине Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл өкмөттүн 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, 1 ГАЗ-66 жана жергиликтүү тургундардан 75 адам тартылган. Жол тазалоо айыл аймагына жүктөлгөн.

Количество просмотров: 300