Нарын облусундагы кар көчкү түшкөн айрым жолдору каттам үчүн ачылды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү түшкү саат 13:00дөр чамасында облустагы Казарман — Актал-Чат унаа жолунун Ак-Союл бөлүгү жана Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусу каттам үчүн ачылды.
Аталган бөлүктөрдө кар көчкүлөр түшүп, жол тазаланган.
Эскерте кетсек, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун беш тилкесинде болжол менен 10 миң куб метр кар көчкү түшкөн. Жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.