• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында коронавирус аныкталган үч адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыкты

31 Жалган куран 202020:01 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча COVID-19 вирусу 31-мартта аныкталган үч адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыкты.

Нарын облусунда аталган илдет биринчи жолу 29-мартта Пакистанга дааватка барып келген бир кишиден аныкталган. Акыркы аныкталган үчөө биринчи катталган адамдын аялы жана уул-келини болуп чыкты. Бул адамдар менен байланышта болгон дагы 120дай киши ушул тапта обсервацияда жатат.

31-мартта Кыргызстанда жаңы коронавирус жугузгандардын саны 107 болду.

Кыргызстанда 18-марттан баштап өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Нарын облусу өзгөчө абал киргизилген аймактардын катарына кошулбайт.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 481