• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында «Кур-Терек» көмөк чордонунун курулушу башталды

4 Жалган куран 202610:15 Бишкек Govori.TV

Нарын районунда 110/35/10 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонунун курулушу башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кур-Терек аймагында жайгашкан «Нарын — Кашкар» индустриалдык паркында «Эки өлкө — эки парк» долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында учурда төрт өнөр жай ишканасынын курулушу жүрүп жатат. Аталган объекттердин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн кошумча электр кубаттуулугу талап кылынат.

Жаңы курулуп жаткан өнөр жай ишканаларын, турак жайларды жана социалдык объекттерди ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Нарын электр тармактар ишканасы пландалган иштердин параметрлерин кайрадан карап чыкты.

«Буга чейин пландалган 35 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонунун ордуна, кубаттуулугу жогору болгон 110/35/10 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонун куруу чечими кабыл алынды. Долбоор 2025-жылдын капиталдык курулуш планына киргизилип, анын алкагында узундугу 10,42 чакырымды түзгөн 110 кВ аба чубалгысы да курулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул стратегиялык долбоор аймактагы индустриалдык парктын гана эмес, жалпы Нарын районунун энергетикалык коопсуздугун жана экономикалык потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу менен 110/35/10 кВ «Нарын-1» көмөк чордонундагы жүктөм азайтылып, аймактын энергосистемасынын келечектеги өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.

Количество просмотров: 142