• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында мотоциклдер жасалып, сатыкка чыга баштады

11 Аяк оона 202410:47 Бишкек Govori.TV

“Нарын мото” заводу алгачкы продукциясын — ата мекендик мотоциклдерди сата баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.

Эскерте кетсек, ишкана Ат-Башы районундагы соода-логистикалык борбордун аймагында ачылып, иштеп жатат. Президенттин өкүлүнүн айтымында, кытайлык инвесторлордун колдоосу менен завод эки, үч жана төрт дөңгөлөктүү мотоциклдерди чогултат.

Мотоциклдер 400 килограммдан 2 тоннага чейинки жүктөрдү ташууга ылайыкталган. «Нарын мото» ишканасы жайы-кышы айыл чарба иштерине ылайыктуу электр, күйүүчү май, үстү ачык жана жабык мотоциклдерди чыгарат. Мотоциклдин баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин.

Компания жабдууларды үч жылга чейин бөлүп сатууга даяр.

Количество просмотров: 95