• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарында сүт топтоо пункту ачылды

5 Баш оона 202411:27 Бишкек Govori.TV

Нарын районунун Эчки-Башы айылында сүт топтоо пункту ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, демилге «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Сүт топтоочу борборго бир тонналык 11 даана цистерна алынган, алардын баасы 2 миллион 800 миң сомду түзгөнү маалым болду.

Кошумчалангандай, долбоор башталгандан бери Нарын облусу боюнча үч миң адам мыкты делген сүт фермаларында окуудан өткөн.

Количество просмотров: 134