• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Нарында Самаковдун эжеси коронавирустан көз жумду

8 Кулжа 2020 13:13 Бишкек Govori.TV

Нарындагы Чкалов атындагы орто мектептин директору Айчүрөк Самакова коронавирустан каза болду.

5-июнда аны пневмонияга шек санап ооруканага алып кетишкен. Андан COVID-19га анализ алынып, натыйжада оң болуп чыккан. Самакова кечээ 7-июнда каза болду.

Эске салсак, бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарын облусунда 67 жаштагы аял киши көз жумганын кабарлаган.

«Ал үйдө өз алдынча дарыланганы аныкталды. Кеч кайрылган. Ага көрүлгөн медициналык дарылоого карабастан анын абалы начарлап каза болду. Анда кан басымы жогору болгон, ошондой эле аз кандык дагы жогору экен. COVID-19 жугузганда организм көтөрө албай кетти»,- деп билдирген.

Айта кетсек, Айчүрөк Самакова мурунку депутат Карганбек Самаковдун эжеси.

Количество просмотров: 286