• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экс-депутат Карганбек Самаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыкты

10 Бирдин айы 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Карганбек Самаковго карата чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн.

2008-жылы Бишкектин четиндеги 262 гектар айдоо, сугат жана жайыт жерди трансформациялоо боюнча кабыл алынган чечимди өкмөт жети жылдан кийин кайра жокко чыгарган. Үй курам деген ниет менен ошол жерден жер тилке сатып алган канча деген киши ара жолдо калган. Мындан улам укук коргоо органдары түрдүү фактылар боюнча тергөө иштерин баштаган. Иликтөө учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун да аты аталып, ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган. Мунун негизинде экс-депутатты 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Количество просмотров: 220