• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түз эфир: Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

17 Үчтүн айы 2022 10:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында 100дөй жаран митингге чогулду. Чогулган Кут-Биримдик конушунун тургундары Карганбек Самаковдун саткан жери боюнча бир катар талаптарды айтышууда. Алар экс-депутатка таандык делген жерге мектеп куруу керек деген пикирди айтышууда. Себеби, 1200 түтүн жашаган конушта мектеп жок.

Эске салсак, экс-депутат Самаков 2017-жылы Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген.

Самаков 2019-жылы жазында мунапыс жана тергөө абагында отурган күндөрүнүн эсебинен түрмөдөн бошотулган болчу. Депутаттын тарапкерлери ал кезде Самаков кызмат адамы болбогонун жана коррупциялык схеманы уюштурууга ыйгарым укугу жоктугун жүйө келтиришкен.

Башы прокуратура Самаковго кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Анда башкы көзөмөлдөөчү орган Самаков Бишкектин жака белиндеги 262 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди турак жай категориясына өткөрүп, андан кийин майдалап сатып жибергенин билдирген.

Бишкек шаардык соту 2022-жылдын 13-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду актады жана мүлктөрүн камактан чыгарды.

Өткөн жылдын башында Жогорку сот ошол кезге чейинки Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген.

Количество просмотров: 985