• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Карганбек Самаковдун «Биримдиги» бийликтин партиясы болуп шайлоого барат

30 Тогуздун айы 2019 14:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков негиздеген «Биримдик» партиясы азыркы бийликтин партиясы катары 2020-жылдагы шайлоого барат. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы түзүлгөн «Биримдик» бийликтин шайлоого барчу партиясы катары аныкталган, а түгүл анын курамы жана башында ким тизмени жетектээри да белгилүү болгон.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, партия учурда шайлоого катуу даярдыктарды көрүп жатканы жана шайлоо штабынын жекетчиси катары ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров  дайындалганы маалым.

2014-жылы «Ата Мекендин» катарынан кеткенин айткан Самаков «Биримдик» саясий бирикмесин түзгөн.

Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Ал эми мартта абактан чыгып, жатак абагына которулган.

Количество просмотров: 1802