• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарында табылган ак илбирстин оң көзү көрбөй калган 

7 Бугу 2020 17:49 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда табылган ак илбирс жаракат алган. Мындай тыянакты жаныбарды текшерген адистер чыгарганын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ак илбирстин  абалын текшерүү үчүн Бишкектен Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери жана ветеринардык дарыгер жөнөтүлгөн. Текшерүүдөн кийин ак илбирстин оң көзү көрбөй калганы, тиштери түшүп, оозу жана муруну жабыркаганы аныкталган.

«Учурда анын абалы ортодон төмөн деп бааланып жатат. Тамактанып, өзүн жакшы сезе баштады. Ал дайыма ветеринардык дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 4-майда Нарын районундагы чабандар ак илбирс табышкан. Жашоочулардын айтымында, ак илбирсти музоого кол салганда кармашкан. Ал адамдарга тийген эмес. Ак илбирс Ысык-Көлдөгү Ананьев айылына, тактап айтканда НАБУ (NABU) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн реабилитациялык борборуна жеткирилген.

Количество просмотров: 107