• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Нарында токойчулар бугуну кубалап бараткан аюуну видеого тартып алышкан

20 Теке 202614:33 Бишкек Govori.TV

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, токойчулар аймакты кыдыруу учурунда күрөң аюунун бугуну кубалап бара жатканын көрүп, видео тасмага түшүрүп алышкан.

Белгилей кетсек, аталган корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган.

«Корукту Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа, ошондой эле бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кичик бүркүт, үкү, орок тумшук чулдук сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлайт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, корукта 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт.

Количество просмотров: 41