• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында троллейбустар толугу менен токтотулат

4 Жалган куран 202522:10 Бишкек Govori.TV

Нарында троллейбустардын кыймылы толугу менен токтотулат. Бул тууралуу «Нарын» УТРК билдирет.

Чечим Нарын шаардык кеңешинин депутаттарынын жетинчи сессиясында кабыл алынды. Буга троллейбус линиялары жана алардын абалы боюнча көйгөйлөр себеп болгон.

Маалыматта, Бишкектен алып келинген троллейбустар эски болуп чыкты, ал эми тетиктерин оңдоо үчүн Россиядан буйрутма берүү керек болчу, бул чоң чыгымдарга байланыштуу деп айтылат.

Мындан тышкары бир жылдан бери иштебей турган коомдук транспортту башкаруу борборун калыбына келтирүү үчүн 1 миллион сомго жакын каражат керектелет. Буга байланыштуу троллейбус линияларын жабуу, жабдууларды демонтаждоо жана аларды пайдаланууну токтотуу чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 205