• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарында участкалык инспектор кармалды 

20 Жалган куран 2024 14:11 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Ат-Башы райондук ИИБнын жашы жете электер менен иштөө инспектору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМКга Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, Нарын облусунун Ат-Башы райондук ИИБнын жашы жете электер менен иштөө боюнча участкалык инспектору Д.А.Т. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек шаарынын тургуну Ж.Т.дан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн, андан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Бирок, Д.А.Т. убадасын аткарбай, жыйынтыгында Ж.Т. аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, анын иши сотко жөнөтүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Нарын облустук ИИБнын ички иликтөө тобу менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Д.А.Т. аттуу жаран Нарын шаарынан кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан Д.А.Т.нын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 2644