Нарында суу киргизүүгө жер казып жаткан адамды топурак басып калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын районунун Кара-Чий айылынын 47 жаштагы Н.А. аттуу тургуну үйүнө суу киргизүүгө жер казып жаткан учурда топурак басып калган.
Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар эркек кишинин сөөгүн чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.