• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында жер талаштан улам чыккан чырда ок атылып, 6 адам жараат алды

8 Теке 2022 12:17 Бишкек Govori.TV

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алышкан. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылдын 7-июль күнү саат болжол менен 22:48 чамасында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн адамдар келип курал менен аткылап жатышат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү Нарын РИИБне катталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын К.Б үйүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын болжол менен 30-40 чукул ошол эле айылдын тургундары чогулуп келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап талкалап, дарбазасынын сыртында токтоп турган “Субару-Аутбек” үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жатышкан учурда, үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган.

Натыйжада аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Жаракат алышып ооруканага түшкөн үчөөнүн абалдары оор болгондуктан медициналык жардам көрсөтүү максатында операция жасалды, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

«Уруштун чыгышы жер талаш болуп, өз ара урушуп кетишкен. Ушул окуядан кийин эки тарап болушуп, бири-бирин күнөөлөп арыз жазышып башташкан. 2022-жылдын 7-июнь күнү айылдын элдери көбүнчө жаштар К.Бнын үй-бүлөсүнө нааразы болуп сүйлөшүү үчүн барышканда уруш чыгып кетип, аягы ок атышуу менен аяктаган.
Азыркы учурда аталган окуяга тиешеси бар шектүү адамдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми жогорудагы катталган материал боюнча алынган заттарга тиешелүү экспертизалар жана жабыркаган адамдардын денесинен алган жаракаттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, азыркы убакта тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, Нарын облустук милициясы аталган айылда коомдук тартипти сактоо багытында иш-чараларды жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2107