• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарында жер титиреди

24 Бештин айы 20219:54 Бишкек Govori.TV

Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 07:59да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Нарын районунун Куланак айылында 3,5 балл, Достук, Учкун айылдарында 3 баллга, Ак-Булак айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 619