• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында жер титиреди

3 Бугу 2022 11:01 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-майда саат 03:32де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Кочкор районунун Мантыш айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 1329