• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте суунун тарифи көтөрүлөт

20 Бирдин айы 202517:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте суунун тарифи көтөрүлөт. Бул тууралуу 20-февралда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба жана АТР аймагы боюнча комиссияларынын жыйынында белгилүү болду.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кадырбек Оторовдун айтымында, учурда муздак суунун тарифи эсептегичтер боюнча 1 куб метрине 10,45 сомду түзөт, канализация — 3 сом. Эсептөө приборуна туташтырылбаган үйлөрдө суунун тарифи суткасына 350 литр суу керектөө лимити менен бир адамга айына 111 сомду түзөт.

Мамлекеттик ишкананын жетекчиси белгилегендей, тазалоочу жайды реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлган.

«Биз азыр тарифтерди көтөрүүгө аргасыз болобуз, анткени насыя, пайыздар жана технологиялык кызматтар үчүн кошумча төлөмдөрдү талап кылабыз. Ошондуктан быйыл БШКга тарифтердин көтөрүлүшү сунушу менен келебиз», — деди Оторов.

Маалым болгондой, муниципалдык ишкананын балансында 1600 км суу түтүктөрү жана 80 км канализация тармактары бар.

Количество просмотров: 448