• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарындагы Ала-Тоо стадиону менен Соң-Көл кино театры оңдолот

4 Жетинин айы 202417:03 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадионунун абалын көрдү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус жетекчиси Алтынбек Эргешов аталган стадионду оңдо-түзөө жумуштарына көп каражат керек болгондуктан көп жылдардан бери капиталдык ремонт жасалбай келгенин, учурда каражат изделип жатканын айтты.

Абалды түшүнгөн Камчыбек Ташиев Ала-Тоо стадионун жана анын катарында жайгашкан Соң-Көл кино театрын заман талабына ылайык толук ремонттон өткөрүп берээрин айтып, бул ишти өзү көзөмөлгө аларын билдирди.

Количество просмотров: 172