• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Нарындагы атышуунун чоо-жайы айтылды

7 Бирдин айы 2021 16:30 Бишкек Govori.TV

Нарын ОИИБдин жана Нарын ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери адам өлтүрүү фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү саат 20:40 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө өзүн тааныштырбаган белгисиз адам Нарын шаарынын Москва аймагынан белгисиз адамды атып кетишти деп билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБ тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Москва чөлкөмүнөн Сайкал дүкөнүнүн тушундагы өтүүчү жайдын күн батыш тарабындагы жээгинде «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1990-жылы туулган С.А сол моюн жаак тарабынан жаракат алган абалда жаткан жеринен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүүгө алып кетип жатканы аныкталган. Денесинен жаракат алган С.А ооруканага жетпей алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факты Нарын ОИИБде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Нарын ОИИБдин жана Нарын ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Нарын шаарынын тургуну 1996-жылы туулган М.Н кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, «ИЖ-20» үлгүсүндөгү ок атуучу куралды (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар «Лексус GS 300» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. кармалды.

Маалымат катары, маркум С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 13173