• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарындагы эки көчөнүн оңдоо иштери кандай жүрүп жатат?

6 Тогуздун айы 20259:55 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Аны менен катар тротуар бордюрларын орнотуу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотууга даярдык иштери аткарылып жатат.

4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.

Ал эми Ж. Шералиев көчөсүндөгү лоток орнотуу иштери жана жөө жүргүнчүлөргө ыйлайыкталган тилке (тротуар) бир тараптуу толук бүткөрүлүп, экинчи тарабында жумуштар уланууда.

Эске салсак, Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.

Количество просмотров: 162