• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарындагы оорукананын курулушу 44% аяктады

20 Аяк оона 2020 10:13 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштеринин 44 пайызы бүтүп калды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматкаылайык, жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» фонду тарабынан 36 миллион сом каражат бөлүнгөн.

«Бүгүнкү күндө оорукананын пайдубалы бүтүп, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабдуулары орнотулду. Учурда имараттын темир тирөөчтөрүн коюу иштери, дубалдарды пеноблок менен тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, оорукананын курулуш иштерине 76 жумушчу, жети атайын техника тартылган.

Количество просмотров: 67