• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарындагы «Салкын-Төр» жана «Бугу-Марал» эс алуу жайлары реконструкцияланат

17 Бугу 202410:53 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен «Салкын-Төр» жана «Бугу-Марал» эс алуу жайларын реконструкциялоо иштери колго алынууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул үчүн облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунан «Бугу-Марал» эс алуу жайын оңдоп-түздөө, туристтерди кабыл алууга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында 5,5 млн сом бөлүнүп берилип, иштер башталууда.

Кийинки этапта «Салкын-Төр» эс алуу жайы толук реконструкцияланат, анын долбоору даярдалды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров «Салкын-Төр» эс алуу жайында болуп, пландоо иштери менен таанышты.

Количество просмотров: 156