• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарындагы тез курулуучу оорукананын курулушуна 45 млн сом бөлүнгөн

2 Тогуздун айы 2020 14:42 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарындагы эксперименттик тез курулуучу ооруканасынын курулуш иштери 55% бүткѳрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу үстүбуздөгү жылдын август айында башталган. Ал эми долбоордук кубаттуулугу 70 орунга эсептелген. Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө, курулуш башталгандан бери 45 млн сом акча каражаты сарпталды.

«Подряддык уюм тарабынан жумуш жүргүзүлүп, оорукананын пайдубалы, гидроизоляциясы жана полду бетондоо жумуштары бүтүрүлдү. Андан сырткары откананын калка тосмосу орнотулуп бүттү»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда дубалын пеноблок менен тургузуу, чатырын орнотуу, терезенин кашектерин орнотуу, дубалды сыртынан жылуулоо, суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары аткарылууда.

Количество просмотров: 52