• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Нарындагы жолду куруу үчүн ижарага техника берген ишкерлер 17 миллион карызын ала албай жатат

25 Бештин айы 2020 15:13 Бишкек Govori.TV

Нарын облусундагы Жумгал—Кочкор унаа жолун курууга техникаларын ижарага берген ишкананын ээлери жолду аткаруу куруучусу​ «Енисей Курулуш» ЖЧКсынан 1 жыл 2 айдан бери кызмат акысын ала албай жүргөнүн айтып Govori.TV агенттигине кайрылышты.

Нааразы болгондор бүгүн, 25-декабрда Транспорт жана жолдор министрлигинин имаратынын алдына митингге чыгышты. Анда курулуш иштерин жүргүзүүгө техникаларын ижарага берген жалпы 60 ишкерлерге аталган компания 17 миллион акча карыз экенин айтышты.

«Нарын облусунун Жумгал районунун аймагынан өтүп жаткан түндүк-түштүк алтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды аймагында жолду куруу үчүн италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы тендерден утуп алган. Ал эми жолду аткаруу куруучусу​ «Енисей Курулуш» ЖЧКсы болгон. Биз жеке ишкерлер аталган ишканалрга унаа жолун курууга 60 ишкер техникаларыбызды ижарага бергенбиз. Жалпы суммасы 17 млн сом. Учурда ошол акчаларыбызды аталган ишканалар бири-бирине шылтап бербей жатышат. «Енисей Курулуш» ЖЧКсы банкрот болдук дегени менен башка фирманынатын жамынып алып, Жалал-Абаддагы Маданият жолун салып жатышат деген имиштер бар. Биздин кайрылбаган жерибиз калган жок. Былтыр дагы Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыкканбыз. Анда азыркы министр Бакыт Бердалиев орун басар болчу. Биз менен жолугуп маселени чечпестен жолго салган. Ошол себептен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасы Сыймык Жапыкеев менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып биздин ишибизди териштирип берүүңүздөрдү суранабыз»,-деди жеке ишкер Бекбосун Тентиев.

Чогулгандар аталган министрликтин алдында бир саат убакыт турушкандан кийин гана аларды Транспорт жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев кабыл алып төмөндөгүлөргө токтолду.


«2-3 ай мурун ишкерлер тобу буга чейин дагы арызданып министрликке чейин келишкен. Мунун негизде атайы комиссия түзүлүп, териштирүү жүргөн. Анда Todini Costruzioni Generali Company ишканасы карызы бар экенин мойнуна алган. ​ «Енисей Курулуш» ЖЧКсы дагы макул болуп булар орток келишимге келишкен. Бирок министрлик жолду жасоо жумушун аткаруучу компаниялардын ишине​ кирише албайбыз, алардын ортосунда (подрядчик и​ субподрячик) өз ара​ контракт түзүлгөн. Бирок министрлик тараптан тийиштүү чаралар жүргузүлгөн. Ортодон ​ «Енисей Курулуш» ЖЧКсынын банктагы эсеби камакта экени белгилүү болду. Ошондой маселелер менен ишкерлерге акча берилбей кармалган. Азыркы учурда «Енисей Курулуш» ишканасы «Тодини» компаниясын сотко берген. Соттук чырлар чеилгенден кийин карыздарын төлөп бере турганын айтып жатышат»,-деди Солтобаев.

Инвестициялык долбоорлоду ишке ашыруу тобунун юристи аталган иш эл аралык сотто каралып жатканын кошумчалады.

Деген менен ишкерлер Транспорт жана жолдор министрлиги алардын маселесин чечип берүү үчүн далалат кылбай жатканын айтып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына, УКМКга кайрыла турганын кошумчалашты.

Количество просмотров: 371