• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Нарындыктар митингге чыкты (видео)

2 Бирдин айы 2021 14:26 Бишкек Govori.TV


Нарын шаарында жайыт талаш маселесин чечүүнү жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаты Алымбек Керимкановду бошотууну талап кылгандар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Govori.TVга акциянын катышуучулары билдирди.

Маалыматка караганда, 200дөн ашуун адам чогулган. Өткөн жылы Кочкор жана Нарын райондорунун тургундарынын жайыт талашына жигердүү катышкан Алымбек Керимканов 1-февралда Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренесинин негизинде бир айга камакка алынган.

«Эгер талабыбыз аткарылбаса нааразылык акциясы уланат. Жайытыбызды мыйзам чегинде чечип, Керимкановду бошотушсун», — деп билдирди акциянын катышуучусу.

Количество просмотров: 5179