• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нарындын биринчи-вице-мэри COVID-19 вирусун жуктуруп алган

19 Бугу 2020 16:55 Бишкек Govori.TV

18-майда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Нарын шаарынын 1-вице-мэри COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталып, изоляцияга дарыланууга жаткырылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыкта иштерин улантышууда.

Эске салсак, 1-вице-мэр менен контакт болгондордун баары аныкталып, ооруга байланыштуу анализдер алынган.

Количество просмотров: 119