• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарынгүл Асаналиева: Энелер мектебин түптөгүм келет

18 Жалган куран 202010:13 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Нарынгүл Асаналиева.

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Чолок айылынан келген. Мектепте 27 жылдан бери мугалим болуп иштейт, 4 баланын апасы.

«Буга чейин социалдык педагог, мектептин директору болуп иштегем. Мурда балдар майда болуп, үйдөгү жумуштар менен алек болчубуз. Азыр колум бошоп, айылыбыздын өнүгүшүнө салым кошконго мүмкүнчүлүк бар»,-деди Асаналиева.

Количество просмотров: 579