• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарынга алты троллейбус берилди

13 Аяк оона 202416:45 Бишкек Govori.TV


Бишкектен Нарынга алты троллейбус жеткирилди. Бул тууралуу Нарын облустук өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Троллейбустар эки шаардын мэрияларынын кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы троллейбустарды Нарынга өткөрүүнү расмий жарыялай элек.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев троллейбустар борбордон толугу менен чыгарыла турганын билдирген. Анын айтымында, электроавтобустардын жана башка коомдук транспорттордун каттамын өзгөртүп шаардагы тыгындарды чечүүдө болот. Ал эми троллейбустар менен мындай чечүү мүмкүн эмес.

29-августта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары техникаларды өткөрүп берүүнү жактырышты. Ошко да алгачкы троллейбустар келди.

Количество просмотров: 120