Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Украинанын белгилүү дуэтинин солисттери Алексей Потапенко (Потап) менен Анастасия Каменская (Настя) баш кошот. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түгөйлөр көп жылдан бери жакын мамиледе болгонун күйөрмандарынан жашырып жүрүшкөн. Бирок, аталган түгөйлөр гостролдорго гана чогу чыкпастан, эс алуу учурунда дагы бирге убакыт өткөргөнү белгилүү болгон.
Аталган ырчылардын досторунун айтуусу боюнча, үйлөнүү үлпөт тою үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү Киев шаарында өтөт.