• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

НАТО: Орусия менен Кытай коронавируска каршы аракеттер тууралуу жалган маалымат таратууда

28 Чын куран 2020 12:03 Бишкек Govori.TV

Кытай менен Орусия коронавирус пандемиясына каршы аракеттер тууралуу жалган маалымат таратууну улантууда. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг журналисттер менен телеконференция форматында өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

«Орусия менен Кытайдын өкүлдөрү НАТОго мүчө өлкөлөр Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө бири-бирин колдобой жатканын, карыган жарандарын коргой албастыгын жана вирустун жайылышына жоопкерчиликтүү экенин билдиришүүдө. Мындай маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жакында эле НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери катышкан телеконференцияда бардыгы биргелешкен иштерди күчөтүүнү жана тездетүүнү колдоп, макулдашууга келишкен. Бизде Москва менен Бээжинде жасалган жалган билдирүүлөрдүн бир нече мисалы бар. Мындай билдирүүлөр НАТО мамлекеттеринин ортосундагы союздук байланыштарга зыян келтирүүдө», — деди уюмдун баш катчысы.

Йенс Столтенберг НАТОнун куралдуу күчтөрү тынымсыз машыгууларды өткөрүп жатканын жана биргелешкен операцияларды жүргүзүүгө даяр экенин белгиледи.

«НАТОнун аскерлери башка аймактардагы өз миссиясын аткарууну да улантып жатат. Мисалы, биз Ооганстандагы миңдеген жоокерлерибиздин күчү менен бул өлкөнүн өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантып жатабыз. Мындан тышкары биздин аскерлер Косоводо да бар, алар андагы бардык этникалык топторду коргоого жардам берүүдө», — деди Столтенберг.

Ал союздаштардын аскердик кемелери Эгей дарыясында нөөмөт жүргүзүп, миграциялык каатчылыкты биргелешип жеңүү тууралуу Түркия менен Европа биримдигинин ортосундагы макулдашуунун аткарылышына да көмөктөшүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 237