• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Навальный ооруканага которулду

19 Чын куран 2021 17:58 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Владимир облусундагы колонияда жазасын өтөп жаткан оппозициянын лидери Алексей Навальный абактагылардын ооруканасына которулат. Бул тууралуу Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы билдиргенин орусиялык басылмалар жазды.

Билдирүүгө ылайык, учурда Навальныйдын ден соолугу канааттандырарлык деп бааланып, бир канча күндөн бери наар албай жаткан саясатчыга өзүнүн макулдугу менен витамин сайылганын маалымдады.

Буга чейин абактагы дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы оорлоп, анын жүрөгү токтоп калуу коркунучу бар экенин айтып чыгышкан.

Путин өзүнө мамлекеттин эсебинен хан сарай курган деп айткан Навальный Германиядан кайтып келгенден көп өтпөй аэропортто камакка алынып, кийинчерээк 2,5 жылга кесилген. Навальный бир нече жолу ачкачылык жарыялаган.

Количество просмотров: 88