• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Чыңгыз Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

1 Баш оона 202211:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн абакта киши колдуу болуп каза болгон кримчөйрөдө Дөө-Чыңгыз деген каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтуп жатат.

Маалыматка ылайык, анын сөөгү Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында жерге берилүүдө.

«Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү жергиликтүү көрүстөнгө коюлат. Ага жаназа намазын окуу үчүн 500дөй адам чогулган», — деп жазды Kaktus.media.

Эске салсак, УКМКнын баганда олтурган Чыңгыз Жумагуловду 30-июлда чогу олтурган камералашы тарабынан киши колдуу болгон. Шектүү күнөөсүн мойнуна алганын, жана ал Жумагуловду жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн айтып бергени тууралуу ЖАМК маалымат берген.

Количество просмотров: 10196