• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Навальныйды колдогон акцияга катышкан адам үч жылга камалды

6 Жалган куран 2021 19:22 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Владимир шаардык соту оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтары өткөргөн митингде «полицияга кол салган» деп айыпталган Виталий Тимофеенкону үч жылга камоо чечимин чыгарды.

Сот отуруму 5-мартта болду.

Тимофеенко 23-январдагы акцияны таратуу маалында полиция кызматкерине калемпир күкүмүн чачканы үчүн соттолду.

Тимофеенко калемир чачкычты колдонгонун мойнуна алды, бирок ал бул кадамга полиция кызматкери жерге жаткызып алган башка бир жаранга жардам берүү максатында барганын айтты.

Тимофеенко Орусияда Навальныйды колдогон акцияларга катышканы үчүн кылмыш жообуна тартылган экинчи адам.

2-мартта Кострома шаарынын 26 жаштагы тургуну 23-январдагы митингде полиция кызматкерине кол салган деп 1,5 жылга эмгек колониясына кесилген.

Количество просмотров: 219