• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Навальныйдын «Путиндин сарайы» аттуу тасмасы 6 сааттын ичинде 10 миллион көрүүнү топтогон

20 Үчтүн айы 202110:25 Бишкек Govori.TV

Берлинден Москвага учуп барганда камакка алынган россиялык оппозиционер Алексей Навальный өзүнүн YouTube-каналына видео жарыялады. Андагы кооз сарай президент Владимир Путинге тиешелүү экенин жана айланасындагы адамдар каржылаганын айткан.

Видеотасманын кириш сөзүндө иликтөөдөгү башкы каарман – Владимир Путинден коркпостон бул тасманы Навальный Россияга кайткандан кийин жарыялоону пландаганы айтылган.

Алексей Навальныйдын командасынын «Путиндин сарайы» тууралуу тасмасы 6 сааттын ичинде YouTube каналында 10 миллион көрүүчү топтогон. Бул тууралуу саясатчынын пресс-катчысы Кира Ярмыш Твиттерде жарыялады. Видеонун өзү Россиянын YouTube тренддеринде алдыңкы орунга чыккан.

Количество просмотров: 1360