Эртең, 30-июнда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада жолугушат. Бул тууралуу Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Үкүбай социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«30-июнда Москвада Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин кездешүүсү өтөт. Сүйлөшүү учурунда ЕАЭБдин андан ары өнүктүрүү боюнча болочок пландар жана учурда актуалдуу болуп жаткан аймактар аралык маселелер талкууланат», — деп айтылат маалыматта.