Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.
«Нур Отан» партиясынын лидери, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Сенаттын экс-спикери, 20-марттан бери мамлекетти башкарууга киришкен Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттикке сунуш кыла турганын билдирди. Бул тууралуу Назарбаев бүгүн, 23-апрелде «Нур-Отан» партиясынын XIX жыйынында билдирди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган. «Нур-Отан» партиясына мүчө болгон Токаев 20-мартта ант берип, президенттиктен кеткен Назарбаевдин ордун баскан.