• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Назарбаев Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланды

16 Тогуздун айы 2019 9:05 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышты. Саммит учурунда ал Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланды.

Назарбаев саммитте сөз сүйлөп, кеңештин атын «Түрк мамлекеттеринин уюму» деп өзгөртүүнү сунуштады.

Нурсултан Назарбаев прибыл в город Баку. В ходе визита Елбасы встретится с Президентом Ильхамом Алиевым, проведёт переговоры с Президентом Сооронбаем Жээнбековым и Президентом Реджепом Эрдоганом, а также примет участие в VII Саммите ССТГ.

Казакстандык басылмалар билдиргендей, Бакудагы жыйында Назарбаевге «Түрк тилдүү элдердин кеңешинин ардактуу төрагасы» наамы тапшырылды. Назарбаевге бул наамды берүүнү май айында Түркия сунуштаган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы түзүлгөн. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мүчө. Бакуда өткөн саммитте алардын катарына Өзбекстан дагы кошулду.

Количество просмотров: 54