Казакстанда көмүр суутегин өндүрүү менен алектенген Phystech II компаниясы акцияларынын 100% «өз каалоосу менен жана кайтарымсыз негизде» мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу KASE казак фондулук биржасынын сайты кабарлады.
Аталган компаниянын Актау шаарындагы акцияларынын бир бөлүгү Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаевге таандык болчу.
Маалыматка караганда, Phystech IIнин акцияларын мамлекетке өткөрүп берүү чечими компания акционерлеринин 4-октябрдагы кезексиз жыйынында кабыл алынган.
«Акционерлер кайтарымсыз негизде мамлекеттин пайдасына (мамлекеттик органдардын балансына) 35 417 122 000 теңгеге бааланган 13 749 100 жөнөкөй акцияларды өткөрүп берүү чечимин кабыл алды», – деп жазылган билдирүүдө.
Октябрдын башында Маңгыстау облустук прокуратурасы «жумушчулардын жапырт даттануусунун негизинде» Phystech II компаниясында текшерүү жүргүзүп, ал мамлекеттин алдындагы милдеттенмелерин аткарбаганы аныкталганын билдирген. Мындан тышкары компанияда жумушчулардын эмгек укуктары одоно бузулган, экологиялык мыйзамдардын талаптары аткарылбаган өңдүү көптөгөн мыйзам бузуулар жана башка кемчиликтер аныкталганы кабарланган. Анда мамлекетке келтирилген чыгым 1,2 миллиард теңгеге (2,5 миллион доллар) бааланганы айтылган.
Өткөн жылы декабрда Phystech II компаниясынын ондогон жумушчусу маяналарды эки эсеге көбөйтүү талабы менен иш таштаган. Бирок сот компаниянын өтүнүчүн канааттандырып, жумушчулардын иш таштоосун мыйзамсыз деп тапкан.
Phystech II компаниясы Маңгыстау облусундагы Түндүк Каражанбас кенинде чалгындоо, ошондой эле мунай жана газ өндүрүү менен алектенет. 2021-жылы Forbes Kazakhstan журналы ишкер Кайрат Боранбаев «КазТурбоРемонт» холдинг компаниясы аркылуу Phystech IIнин акцияларына ээлик кыларын жазган. Бул тууралуу компаниянын 2020-жыл үчүн тапшырган каржылык отчетунда да жазылган.
Былтыр декабрда жумушчулардын иш таштоосунан кийин Боранбаевдин Phystech II компаниясына тиешеси жок экени маалымдалган.
Кайрат Боранбаев — Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы. 2021-жылы Forbes Kazakhstan журналы Боранбаевдин байлыгын 590 миллионов долларга баалап, аны Казакстандын эң бай 50 ишкеринин катарына кошкон.
Быйыл 31-мартта Астананын Сарыарка райондук соту Кайрат Боранбаевди мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ал «Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу» жана «Кылмышуу жол менен алынган акчаны адалдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Августта ал тергөө менен кызматташууга макул болгону кабарланган.
Сентябрда Астана соту Боранбаевдин камактагы мөөнөтүн алты жылга чейин кыскарткан. Андан бир күн мурда ишкер мамлекетке 90 миллиард теңгелик активин кайтарып бергени жана билим берүү тармагын колдоо фондуна дагы 30 миллиард теңге которгону белгилүү болгон.