6-январь күнү саат 22:10дө менчик «Bombardier 5000 Global» учагы Бишкек шаарындагы эл аралык аэропортко конгонун «Flightradar 24.com» сайтына таянуу менен казак басылмалары жазды.
Маалым болгондой, учактын каттоо номуру — 9H-AVA. Буга чейин жарыялаган маалымат боюнча, мындай номердеги учак Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге тиешелүү. Бул учак Нур—Султан шаарынан Бишкекти карай учуп чыкканы айтылган болчу.
Белгилей кетсек, 5-январь күнү Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге тиешелүү делген учак Кыргызстанга учуп баратканы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк учактын багыты Бишкекке эмес, Балхашка бара жатканы белгилүү болгон.