• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Nazarnews.kg сайты Маданият министрлигинен эскертүү кат алды

19 Тогуздун айы 2023 9:55 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Nazarnews.kg сайтына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу материалды алып салуу талабы менен кат жолдоду.

«Кыргыз Республикасынын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берилбестигин маалымдайт. Ушуга байланыштуу интернет тармагында жайылтылып жаткан жогорудагы маалыматтык материалды алып салууну эскертет»,-деп жазылат министрликтин жолдогон катында.

Эске салсак, 2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. «Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайты бөгөттөлгөн. Буга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгонун билдирген.

Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берди. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.  Иш бүгүнкү күндө сотто каралууда.

Кыргызстандагы медиа коомчулук эркин медиаларга болгон кысымды токтотууга чакырган бир катар кайрылууларды жасаган. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин айтып келет.

Количество просмотров: 99