Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Свердлов администрациясынын аппаратынын жаңы жетекчиси болуп Жамгырчиева Назгүл Советкановна дайындалды.
Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жаңы башчысы болуп Касмалиева Айсулуу Тынчтыкбековна дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.