«GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Назидан Мыктыбекова.
Назидан Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылынан келген. 4 баланын энеси. Коомго пайдасын тийгизип, Бостеридеги иш билги, шыктуу аялдарга кол өнөрчүлөр борборун негиздегиси келет.
«Аялдар көп мүмкүнчүлүктөрдү колдонбой, үй тиричиликке алаксып башка иштерге чолосу тийбей калат. Мындан улам алардын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн борбор ачуу тилегим бар»,-деди Мыктыбекова.